Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Кыргызстан шайлоого сапаттуу даярдык көрүп, техникалык жактан жетиштүү камданыптыр. Мындай пикирин Армениядан келген байкоочу Алексей Сандыков билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө шайлоо тынч өтүүдө. Алар көз салган шайлоо тилкесинде эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес.
“Биз КМШ эл аралык миссиясынан шайлоо процессине үчүнчү ирет байкоочу катары катышуудабыз. Шайлоодо техникалык жактан даярдык абдан бизди суктандырат, бул система шайлоо процессин кыйла жеңилдетет. Ошондой эле шайлоочуларга да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Биз буга чейин шайлоолорго байкоо жүргүзгөндө башка мамлекеттерден мындай техникалык каражаттарды кездештирген эмеспиз”, - деди ал.
Мындан тышкары, Сандыков автоматташтырылган эсептөө урнасы шайлоо процессинде таанымал болуп жатканын айтты.
“Бардык иштер өз нугунда жүрүп жатат. Эл шайлоо тилкеси ачылганда эле таңкы саат сегизден бери келип жатат. Техникаларда байланыш жагынан бир аз маселе жаралганда, шайлоочулар тезирээк иштешин күтүп турушту. Алардын добуш берүүгө шашылганы кубандырды”, - деди ал.