Кыргызстан санариптик трансформацияда лидерлигин бекемдөөдө

Коом 26 август 2025 16:00
539397911_18073249625030483_1603252423329492427_n.jpg
539268226_18073249655030483_7471132376703255076_n.jpg
539536113_18073249637030483_750150525167891177_n.jpg
539563135_18073249646030483_1654141387888750424_n.jpg
539831461_18073249664030483_3978197809598703464_n.jpg
Алдыга
Артка
539397911_18073249625030483_1603252423329492427_n.jpg
539268226_18073249655030483_7471132376703255076_n.jpg
539536113_18073249637030483_750150525167891177_n.jpg
539563135_18073249646030483_1654141387888750424_n.jpg
539831461_18073249664030483_3978197809598703464_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Кыргызстан санариптик трансформацияда лидерлигин бекемдөөдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-27-августта Санкт-Петербургда БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) тарабынан чакан жана орто бизнес үчүн санариптик мамлекеттик кызматтар боюнча аймактык тегерек стол өтүүдө.

Тегерек столдо санариптик өнүктүрүү министри - АТИСтин (ЭСКАТО алдындагы Азия-Тынч океан маалымат супермагистралынын) төрагасы Азамат Жамангулов Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Министр "Түндүк" порталында жана колдонмосунда 182 санариптик мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү экенин, анын ичинен 32си чакан жана орто бизнести колдоо үчүн киргизилгенин белгиледи. Ошондой эле ал Санариптик кодекс — аймактагы биринчи тутумдук документ экенин, процесстерди автоматташтыруу жана кызматтарга онлайн жеткиликтүүлүктү кеңейтүү иштери уланып жатканын кошумчалады.

"Кыргызстан аймактык санариптик трансформациянын лидери катары өлкөнүн ролун күчөтүүгө, бизнес үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү жана заманбап кызматтарды өнүктүрүүгө даярдыгын ырастоодо", - деди ал.