Кыргызстан санариптик революция жолунда - эксперт

Коом Загрузка... 06 Октябрь 2025 14:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конлан менен жолугушту. Анда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатындагы заманбап чечимдерди киргизүүнү камтыган санарип экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

3.webp

Президент ошондой эле Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта – санарип сом долбоору боюнча иш жүрүп жатканын белгилеп өттү. Платформанын демо-версиясы сыноо режиминде иштеп жатат.

Санарип финансылар боюнча эксперт Талас Абылбеков аталган жолугушууга комментарий берди.

"Бул Кыргызстандын баарынан алдыда баратканын айгинелейт. Азырынча эч бир мамлекет расмий түрдө өзүнүн мамлекеттик стейблкоинин киргизе элек, ошондуктан биз бул рынокто биринчибиз. Стейблкоиндин сомго 1ге 1 катышында байланышы каржылык туруктуулукту гана камсыз кылбастан, ошондой эле өлкөнүн экономикасына санариптик технологияларды интеграциялоого күчтүү түрткү берет. Бул каржылык операциялардын ачыктыгына, транзакциялардын тездешине жана эл аралык инвестицияларды тартууга жасалган алгачкы кадам", – деди ал

Эксперттин пикиринде KGST`тин ишке киргиши бизнес жана жарандар үчүн коопсуз онлайн төлөмдөрдөн баштап, мамлекеттик башкарууга блокчейн-чечимдерин киргизүүгө чейинки жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, бул стейблкоин Кыргызстанга Борбор Азияда инновациялык каржы инструменттерин жана санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн уникалдуу платформа түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ал белгилегендей, Binance өкүлдөрү менен болгон жолугушуу Кыргызстандын эл аралык технологиялык компаниялар менен активдүү кызматташууга, дүйнөлүк алдыңкы оюнчулардын тажрыйбасын өздөштүрүүгө жана алдыңкы чечимдерди улуттук экономикага интеграциялоого умтулуп жатканын айгинелейт.