Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Россиянын ишенимдүү өнөктөшү - Путин

Саясат Загрузка... 26 Ноябрь 2025 14:30
photo_5276294210367720820_y (2).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташуудагы, өз каражаттарын кыргыз экономикасына салуудагы ишеними сиздердин күч-аракеттериңиздер жана ички саясаттагы оң динамика менен байланыштуу. Бул тууралуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен кеңири курамда сүйлөшүү учурунда белгиледи.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Россиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын канааттануу менен билдирди.

«Бул биздин эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарыбызды мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги шарттардын бири. Ошондой эле Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү. Өткөн жылы товар жүгүртүү 13,6 пайызга көбөйүп, рекорддук $4,1 миллиардга жеткен. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында дагы 17 пайыз кошулган.

Азыртадан эле бардык төлөмдөрдүн 97 пайызы улуттук валютада жүргүзүлөт. Сиз Россия инвестициялары тууралуу айттыңыз. Чынында эле инвестициялар да өсүп, дээрлик $2 млрд жетти. Республикада Россиянын катышуусу менен 1,7 миң ишкана иштеп жатат», - деди Россия президенти.