Кыргызстан россиялык инвесторлорго жагымдуу шарттарды сунуштады

Экономика Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:45
1699bfe8-7285-47c8-b074-2b50bfba0960.jpeg
IMG_5767.jpeg
IMG_5768.jpeg
IMG_5766.jpeg
Алдыга
Артка
1699bfe8-7285-47c8-b074-2b50bfba0960.jpeg
IMG_5767.jpeg
IMG_5768.jpeg
IMG_5766.jpeg
Алдыга
Артка

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 07.08.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстан россиялык өнөктөштөр жана инвесторлор үчүн ачык экенин жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Бакыт Сыдыков белгилегендей, Кыргызстан россиялык инвесторлорго өнөр жай жана энергетика тармагында, туризм жана логистика, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча сунуштар.

Алар төмөнкү мүмкүнчүлүктөр:

  • чийки зат базасы жана даяр инвестициялык аянтчалар;
  • Өнүккөн инфраструктура жана мамлекеттик деңгээлдеги жеңилдетүүлөр;
  • Биргелешкен ишканаларды түзүү жана чакан-орто бизнести аймактык долбоорлорго тартуу мүмкүнчүлүгү.

Экономика министи Россиянын аймактары менен байланышты чыңдап, биргелешкен экономикалык демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө басым жасай турганын баса белгиледи.

Эске салсак, Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда күн мурун эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар ири макулдашууларга кол коюлган.