Кыргызстан Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамын алды

Коом 18 август 2025 18:45
535474712_1211996437636694_3340062463299436392_n.jpg
536204465_1211996477636690_8915944799908169320_n.jpg
536267470_1211996657636672_1586094342294176963_n.jpg
Алдыга
Артка
535474712_1211996437636694_3340062463299436392_n.jpg
536204465_1211996477636690_8915944799908169320_n.jpg
536267470_1211996657636672_1586094342294176963_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Россия Кыргызстанга 1 280 тоннадан ашуун кезектеги азык-түлүк жардамын берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Азык-түлүк БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) алкагында акысыз берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.

Кошумча байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын болжол менен 5 100 аз камсыз болгон үй-бүлө алат. Алар ДАП долбоорлорунун алкагында ирригациялык тармактарды жана суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, дарак отургузууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө катышып, заманбап айыл чарба ыкмалары жана өз алдынча иш менен камсыз болуу боюнча тренингдерден өтүшөт.

Максаттуу үй-бүлөлөргө 300 кг ун жана 30 литр май берилет, ал эми тренингдердин катышуучулары 150 кг ун жана 15 литр май алышат.

Долбоорлордун максаты – азык-түлүк менен колдоодон тышкары, жамааттардын климаттык тобокелчиликтерге туруктуулугун жогорулатуу жана жумуш менен камсыздоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү.

Россия Кыргызстандагы ДАПтын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жылда Россия жана ДАП өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келди – шашылыш жардамдан баштап, социалдык коргоо системаларын өнүктүрүүгө чейин, анын ичинде улуттук мектеп тамактандыруу программасын да камтыйт.

Иш-чарага эмгек министри Равшанбек Сабиров, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана ДАПтын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай катышты.