Кыргызстан - Россия соода алакаларынын өсүшү жана стратегиялык өнөктөштүк

Экономика Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

2024-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 4 млрд доллар болсо, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 2,5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Соода өнөр жай палатасынын инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси, экономист Насирдин Шамшиев билдирди. Анын айтымында, бул Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштын туруктуу өсүп жаткандыгын көрсөтөт.

Бишкекте өткөн Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйынында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн алдына бул көрсөткүчтү 5 млрд долларга жеткирүү милдети коюлганын жана ага карай ишенимдүү жана ырааттуу аракеттер жүрүп жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирген.

“Соода-экономикалык кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибиздин структурасында салттуу түрдө борбордук орунду ээлейт. Россия Федерациясы Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарына ырааттуу түрдө ээ болуп, өткөн жылы биздин өлкөнүн тышкы соодасынын 22 пайызын түздү”, - деди Касымалиев.

Россия тараптын маалыматы боюнча 2025-жылдын январь-августунда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 15,1 пайызга өсүп, 3 млрд долларга жеткенин РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук аталган жыйында белгилеген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиктеги мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 3,85 млрд долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөгөн. Мында ЕАЭБ ичинде өз ара сооданын түзүмү баштапкыдай эле туруктуу болуп, Россия биздин тышкы соода жүгүртүүнүн 65,8 пайызын, Казакстан 31,8 пайызын түзөөрү маалымдалган. ЕАЭБдин башка мамлекеттери товар жүгүртүүнүн 3 пайыздан азын түзөт.

2025-жылдын жарым жылдыгында Кыргызстандын Россияга болгон экспортунда төмөнкү товарлар басымдуулук кылган:

  • турбореактивдүү кыймылдаткычтар, механикалык түзүлүштөр жана транспорт тетиктери,
  • сүт жана сүт азыктары,
  • жез жана андан жасалган буюмдар,
  • айыл чарба продукциясы,
  • кийим-кечек,
  • кургатылган жемиштер,
  • керамикалык буюмдар.

Ал эми Россиядан Кыргызстанга негизинен төмөнкү товарлар экспорттолот:

  • мунай жана мунай продуктулары,
  • металл жана металл түтүктөрү,
  • газ,
  • ун азыктары, күн карама майы.

Экономист Эркин Абдразаков Кыргызстанга мунай продуктулары болгон күйүүчү-майлоочу майдын дээрлик 90 пайызы Россиядан келерин айтты.

"Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономикалык мекемелер аралык өкмөттүк комиссия бар. Биз негизги стратегиялык өнөктөш болгонубуздан негизинен күйүүчү-майлоочу майдын дээрлик 90 пайызын Россиядан экспорттук алымдарсыз арзан алабыз. Андан тышкары, азык-түлүк коопсуздук маселесин да эстен чыгарбоо керек. Көптөгөн күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүк, курулуш материалдарын Россия жана Казакстандан алабыз. Евразиялык экономикалык биримдиктин, андан тышкары көптөгөн саясий уюмдардын мүчөсү катары биздин мүмкүнчүлүктөр дагы да толук кандуу пайдаланыла элек деп эсептейм. Кызматташтыкты жогорку деңгээлге жеткирүү менен сооданы, товар жүгүртүүнүн көлөмүн өстүрүп, экспорттук потенциалыбызды көтөрүшүбүз зарыл. Россияга азыркыдан да көбүрөөк товар экспорттосок болот”, - деди Абдразаков.

Белгилей кетсек, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын 26-жыйынынын жыйынтыгы боюнча 100 пункттан турган протоколго кол коюлуп, анын ичинен дээрлик 70 протокол ийгиликтүү ишке ашырылган. Кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүктү өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында мындан ары да чыңдоого кол коюлган документтер кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берерине ишеним артылган.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда Россиянын катышуусу бар 1 миң 700дөн ашуун ишкана иштеп, энергетика, өнөр жай, кен иштетүү жана санариптик технологиялар тармагында долбоорлорду ишке ашырууда. Айрымдарына токтолсок, Талас облусундагы "Жерүй" алтын кенин иштетип, өлкөдөгү эң ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кирген "Альянс Алтын" компаниясы, газ бөлүштүрүүчү “Газпром Кыргызстан” компаниясы жана башкалар.

Экономист Насирдин Шамшиевдин пикиринде, Кыргызстандын миграцияда жүргөн жарандарынын көпчүлүгү, дээрлик 95 пайызы Россияда иштейт. Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен миграцияда жүргөн жарандар өлкөгө 2 млрд 600 млн доллар өлчөмүндө акча которгон. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын ичинен 30 пайыздын тегерегин түзөт. Мында Кыргызстан менен Россиянын алакаларына миграция өзгөчө экономикалык мааниге ээ экени көрүнүп турат.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык акыркы жылдары туруктуу өсүп, стратегиялык мааниге ээ бойдон калууда. Соода жүгүртүүнүн динамикасы, ар тараптуу кызматташтык, ошондой эле миграциянын олуттуу экономикалык салымы эки өлкөнүн өз ара карым-катнашы күчтүү экенин айгинелейт. Өкмөттөр аралык комиссиянын максаттары жана кабыл алынган протоколдор бул өнөктөштүктү дагы жогорку деңгээлге көтөрүүгө багытталган ишенимдүү кадамдар болуп саналат.