Кыргызстан - Россия: ГЭСтен АЭСке чейинки энергетикалык кызматташтык

Экономика Загрузка... 01 Декабрь 2025 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.11.25. /Кабар/. Келечекте суунун абалы кандай болоору белгисиз болгондуктан, Кыргызстанга АЭС куруу зарылдыгы бар. Бул тууралуу КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, тоолордогу мөңгүлөр канча убакта эрип кетээрин айтыш кыйын болгондуктан, энергосистемада база боло турган генерация кубаттуулугу болуш керек.

“Энергосистемада база боло турган генерация кубаттуулугун жылуулук станция менен же атомдук станция менен түзсө болот. Экология үчүн атомдук электр станция (АЭС) жакшы вариант. Бирок, биринчиден кайсы жерге, кандай кылып куруш керек деген суроо жаралат. Өлкө боюнча канча станция болуш керек деген маселени чечиш керек. Шамал, күн станцияларын куруу АЭС сыяктуу жакшы натыйжа бере албайт бирок, алардын үстүнөн иштеш керек. Негизинен генерация жаатында варианттар көп болгону жакшы”, - деди Алымкулов.

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөгөн сөзүндө Россия Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыздай турганын жана Россия технологиясы менен 1-АЭС куруу мүмкүнчүлүгү изилденип жатканын айткан.

“Россия компаниялары Кыргызстандын дарыяларындагы ГЭСтерди долбоорлоо жана модернизациялоого катышып жатат. Ысык-Көл облусунда ири күн электр станциясын, ал эми өлкөнүн түндүгүндө жаңы заманбап ЖЭБ куруу пландалууда. “Росатом” уран өндүрүлгөн аймактарды рекультивациялоо боюнча кеңири масштабдуу программаны ишке ашырууда. Кыргызстанда Россиянын алдыңкы чакан модулдук реактор технологиялары менен 1-АЭСти куруу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө. Бул технологиялар эң жогорку коопсуздук жана экологиялык талаптарга жооп берет”,- деди Путин.

Белгилей кетсек, Россиянын энергетикалык потенциалы чоң, энергетика тармагы боюнча адистери күчтүү болгондуктан, бүгүнкү күндө Россия менен энергетика багытында кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, 2025-жылдын 1-ноябрына карата инвестициянын бир бөлүгү, тактап айтсак, 127,6 млн АКШ доллары энергетика тармагына жумшалган. Жалпысынан өлкө аймактарында фонддун көмөгү менен 16 энергетикалык объект курулууда. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган бардык ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу жыл сайын 600 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгууну камсыз кылат. Албетте, бул өлкөдөгү энергия тартыштыгын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, аталган фонддун жардамы менен “Ананьево” ГЭСи ишке берилсе, “Шамшы” ГЭС, “Куланак” ГЭСтери курулуп, ишке берилүү алдында турат.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдиргендей, учурда фонд курулушун каржылаган 16 ГЭСтин ичинен 8и ишке берилген. Ошондой эле 2025-жылдын өзүндө эле 4 станция ишке кирип, кийинки жылы дагы 5 генерациялоочу объектини ишке берүү пландалганын маалымдады. Булардын арасында чакан, орто жана ири өлчөмдөгү станциялар бар.

Эки тараптуу экономикалык алакаларды өнүктүрүүдө негизги драйверлердин бири болуп калган Россия - Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине жогору баа берилгендигин президент Садыр Жапаров Россия лидеринин мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүүсүндө маалымдаган.

“Түзүлгөн күндөн тартып фонд Кыргызстандын экономикасына 1 млрд АКШ долларынан ашуун инвестиция салып, республиканын аймагындагы 3,5 миңден ашуун долбоорду каржылады. Натыйжада инвестициялардын жалпы көлөмү фонддун баштапкы уставдык капиталынан эки эсеге көбөйдү. Бүгүнкү күндө фонддун катышуусу менен жалпы суммасы 175 млн АКШ долларынан ашык болгон 14 гидроэнергетикалык жана кайра жаралуучу энергия булактарынын курулушу каржыланууда”, - деп билдирген президент.

Өлкөнүн экономикасында энергетика тармагы негизги орунда туруп, ансыз туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес. Электр энергиясын өндүрүүнүн 85 пайыздан ашыгын гидроэлектр станциялары камсыздайт, калган 15 пайыз жылуулук электр станциялары тарабынан өндүрүлөт. Бирок, өлкө бул потенциалдын болгону 10 – 11 пайызын гана пайдаланып жатканын адистер белгилеп келишет. 2025-жылы 18 чакан ГЭС пайдаланууга берилсе, 2030-жылга карата 50 ГЭС куруу пландалууда, мында 385 мегаватт электр энергиясы өндүрүлөөлү белгиленген.

Ал эми Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, өлкөдөгү чакан гидроэлектростанциялар Кыргызстандын ички инвестициялары тарабынан курулса, күн жана шамал электростанциялары тышкы инвестициялар аркылуу ишке ашырылууда. Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаевдин октябрь айына карата маалыматына ылайык, кичи гидроэлектростанцияларды, күн жана шамал электр станцияларын куруу багытында 2023-2025-жылдар аралыгында өлкөдө 71 жер тилкеси сынак аркылуу ишкерлерге берилип, келишимдер түзүлгөн. Алардын ичинде 55 кичи гидроэлектростанцияларды, 15 күн электр станцияларын жана 1 шамал электр станциясын куруу үчүн жер тилкелери берилген.

Энергетика тармагындагы ар тараптуу кызматташтык өлкө үчүн өзгөчө маанилүү. Россия өлкөгө жаратылыш газын, күйүүчү май, мунай зат продуктуларынын негизги жеткирүүчүсү болуп саналат. Гидроэнергетика тармагында, ошондой эле жылуулук, күн, шамал жана АЭС куруу мүмкүнчүлүгүнө чейин камтыган өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтык энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталууда.