Кыргыз-Россия экономикалык форумунда ири курулуш долбоорлор сунушталды

Экономика Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 09:35
IMG_5511.jpeg
IMG_5515.jpeg
IMG_5513.jpeg
IMG_5512.jpeg
IMG_5510.jpeg
IMG_5509.jpeg
IMG_5508.jpeg
IMG_5507.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5511.jpeg
IMG_5515.jpeg
IMG_5513.jpeg
IMG_5512.jpeg
IMG_5510.jpeg
IMG_5509.jpeg
IMG_5508.jpeg
IMG_5507.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан VIII Кыргыз–Россия экономикалык форуму жана XII Кыргыз–Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган атайын көргөзмө уюштурулду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев конокторго өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорду тааныштырды. Көргөзмөгө Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө курулуп жаткан заманбап турак жай комплекстери, эл аралык мейманканалар жана курорттук инфраструктуралар коюлду. Алардын катарында “Ала-Тоо Парк”, “URPAQ Resort”, “Monte-Carlo”, “Abu Dhabi”, “Ала-Тоо”, “Elizaveta Resort”, “ENESAI Towers”, “Tamchy Resor, “Москва”, “Domra Art”, “Ак-Бермет SPA & Wellness Resort”, “Asman Residence” (Radisson Blu), “Ak Keme I-K Resor” жана “Swiss Collection” долбоорлору бар.

Министр өз сөзүндө бул объекттер заманбап шаар чөйрөсүн калыптандырууга, туризмди чыңдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Уюштурулган көргөзмө инвестиция тартууга жана эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого натыйжалуу аянтча болду.