Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы. Бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 634 26 Ноябрь 2025 15:55
588953138_25301471552806182_5531476864215039404_n.jpg
586391451_1406907511443879_3616380943886985485_n.jpg
587837531_1406907311443899_8844550192154241300_n.jpg
587244948_1406907414777222_101005817243008386_n.jpg
589269596_1406907534777210_8634420947159626986_n.jpg
586948160_1406907444777219_654324017959153523_n.jpg
588227482_1406907464777217_2353762018674064800_n.jpg
586927755_1406907358110561_6583498539348146323_n.jpg
Алдыга
Артка
588953138_25301471552806182_5531476864215039404_n.jpg
586391451_1406907511443879_3616380943886985485_n.jpg
587837531_1406907311443899_8844550192154241300_n.jpg
587244948_1406907414777222_101005817243008386_n.jpg
589269596_1406907534777210_8634420947159626986_n.jpg
586948160_1406907444777219_654324017959153523_n.jpg
588227482_1406907464777217_2353762018674064800_n.jpg
586927755_1406907358110561_6583498539348146323_n.jpg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25. / Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-ноябрда, билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын тунгуч президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.