Кыргызстан RCOY Central Asia 2026 конференциясынын уюштуруучусу болду

Коом Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 16:40
e044e252-1c3a-4499-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азия жаштарынын суу жана климат боюнча RCOY Central Asia 2026 үчүнчү аймактык конференциясынын уюштуруучуларынын катарына кирди. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Конференция 4-6-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп, ага Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн 100гө жакын делегат катышары күтүлүүдө. Жыйындын негизги темасы – "Борбор Азия жаштары суу коопсуздугу жана климаттык адилеттүүлүк үчүн".

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар суу ресурстарын башкаруу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптация жана аймактагы экологиялык көйгөйлөр боюнча бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгышат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, климаттын өзгөрүшү Борбор Азия үчүн биринчи кезекте суу маселеси менен байланыштуу. Памир жана Тянь-Шань мөңгүлөрүнүн эриши, суу тартыштыгы жана чек ара аралык дарыяларды пайдалануу маселелери аймак өлкөлөрү үчүн жалпы көйгөй бойдон калууда.

Конференциянын жыйынтыгында жаштардын аймактык билдирүүсү жана иш-аракеттер планы даярдалып, ал БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына (UNFCCC COP31) жана 2026-жылы өтө турган БУУнун Суу ресурстары боюнча конференциясына сунушталат.

RCOY Central Asia конференциясы буга чейин эки жолу – 2022 жана 2024-жылдары Бишкекте өткөн. Кыргызстан бул платформанын түптөлүшүнө салым кошкон өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

2026-жылдагы конференцияда Кыргызстандын атынан ЮНИСОН Групп уюштуруу иштерине катышып, өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын – Тянь-Шань мөңгүлөрүнүн эриши, суу коопсуздугу жана тоолуу аймактардын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу боюнча сунуштарды даярдоого көмөк көрсөтөт.