Кыргызстан Осакадагы дүйнөлүк ЭКСПОдо алтын сыйлыкка татыды

Экономика Загрузка... 13 Ноябрь 2025 12:40
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги бирдиктүү инвестициялык саясат жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргызстанды инвестиция, инновация жана эл аралык өнөктөштүк үчүн ачык өлкө катары таанытууда. Бул тууралуу "Кыргыз ЭКСПО 2025" көргөзмөсүнүн ачылышында агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, жетишкендиктердин арасында Япониянын Осака шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО 2025" көргөзмөсүндө Empowering Lives ("Жашоону жакшыртуу") наамында Кыргызстан алтын сыйлык алганын өзгөчө белгилөөгө болот.

"Бул жогорку эл аралык баалоо — Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, маданиятын жана туруктуу өнүгүү идеяларын глобалдык деңгээлде татыктуу көрсөтө аларынын далили. Биз Эр-Риядда "Эртеңки күнгө көз караш" деген ураан астында өтө турган "ЭКСПО-2030" көргөзмөсүнө катышууга даярдыкты баштадык. Бул масштабдуу эл аралык иш-чарада Кыргызстан дүйнөгө ачык, динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөнүн жаңы, заманбап жүзүн көрсөтүүнү көздөөдө", - деди Сабиров.

Белгилей кетсек, иш-чаранын башкы максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, экспортко багытталган компанияларды, ошондой эле чет элдик ишкерлерди жана расмий делегацияларды бириктирүү, өз ара кызматташууну өнүктүрүү үчүн бирдиктүү аянтча түзүү.

Эскерте кетсек, "Кыргызстан ЭКСПО 2025" көргөзмөсү 14-ноябрга чейин созулат.