Кыргызстан климаттык процесстердин алкагында тоо күн тартибин илгерилетүүдө

Экология 19 Июнь 2025 16:20
509613631_1260989429369022_3794536894069900115_n.jpg
508869672_1260989426035689_7229341720860236097_n.jpg
508430195_1260989329369032_3867594087186388996_n.jpg
508620751_1260989332702365_4052237822572145342_n.jpg
509421704_1260989326035699_3252707958466855362_n.jpg
508701683_1260989232702375_7542970642154638175_n.jpg
508714498_1260989239369041_6095541400815497078_n.jpg
509027331_1260989236035708_6965616330549711229_n.jpg
Алдыга
Артка
509613631_1260989429369022_3794536894069900115_n.jpg
508869672_1260989426035689_7229341720860236097_n.jpg
508430195_1260989329369032_3867594087186388996_n.jpg
508620751_1260989332702365_4052237822572145342_n.jpg
509421704_1260989326035699_3252707958466855362_n.jpg
508701683_1260989232702375_7542970642154638175_n.jpg
508714498_1260989239369041_6095541400815497078_n.jpg
509027331_1260989236035708_6965616330549711229_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Германиянын Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын алкагында Бонн конференциясынын 62-сессиясы башталды.

Конференцияга Кыргызстандан Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер боюнча Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова катышууда.

Делегациянын катышуусунун негизги максаты – тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө жана тоо экосистемаларын коргоого дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу, климаттык процесстердин алкагында тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча тоолуу өлкөлөрдү жана өнөктөштөрдү консолидациялоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу аймактарга зыяндуу таасирин азайтуу.

Кыргызстандын делегациясы климат боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерди адаптациялоого, аткарууга арналган бир катар сессияларга катышып, ошондой эле эл аралык консультацияларды өткөрүүдө.

Кыргызстан менен Андорранын демилгеси менен түзүлгөн, курамына 11 мамлекет кирген Тоо шериктештигинин сүйлөшүү тобунун биринчи расмий жолугушуусу маанилүү окуя болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Тоо шериктештиги тобунун негизги документтери каралып, тоо маселелерин БУУнун климат боюнча органдарынын чечимдерине, программаларына жана иш пландарына киргизүүнүн келечеги талкууланды.

17-июнда Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Кемелова COP-30 президенти Андре Аранья Корреа ду Лаго менен жолугушту. Тараптар Бразилиянын Белен шаарында өтө турган COP-30га даярдык көрүүнүн алкагында аймактар аралык жана глобалдык деңгээлдеги климаттык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын тоо күн тартибиндеги негизги демилгелери, анын ичинде Жогорку деңгээлдеги “Глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясынын (2025-жылдын 24-25-апрели, Бишкек) жыйынтыктары жана артыкчылыктары, ошондой эле 2024-жылдын 5-июнунда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн нонференциясынын 60-сессиясынын алкагындагы Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча тарыхый эксперттик диалогунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Бул маселелер Кыргызстандын президентинин атайын өкүлүнүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стил менен жолугушуусунда да талкууланды.

18-июнда Кыргыз Республикасынын делегациясынын Адаптациялык фонддун жетекчиси Микко Оллыкайнен менен жолугушуусу болду. Анда кызматташуунун келечеги жана климаттык долбоорлорду илгерилетүү, атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азайтуу үчүн Кыргызстандын адаптация жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.