Кыргызстан миграция саясатын өркүндөтүү максатында ICMPD менен кызматташууну чыңдоодо

Коом 11 июнь 2025 14:00
506175523_1155581989944806_2045884745568156561_n.jpg
505145472_1155583689944636_1039359545178495620_n.jpg
506401231_1155583669944638_6023952253879149031_n.jpg
506460809_1155583683277970_7761255609987631406_n.jpg
Алдыга
Артка
506175523_1155581989944806_2045884745568156561_n.jpg
505145472_1155583689944636_1039359545178495620_n.jpg
506401231_1155583669944638_6023952253879149031_n.jpg
506460809_1155583683277970_7761255609987631406_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору (ICMPD) өкүлү Радим Жак жана BOMКA`нын аймактык координатору Марис Доминьш менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министр ICMPD менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, миграциялык саясат, коопсуз миграция жана потенциалды жогорулатуу жаатында министрликке колдоо көрсөтүүгө багытталган ICMPD долбоорлору үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстан Будапешт жана Прага процесстери сыяктуу эл аралык демилгелерге, ошондой эле BOMКA программасына активдүү катышууда", - деп баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ICMPD тарабынан ишке ашырылып жаткан Евробиримдиктин “Жибек Жолу жана Борбор Азия өлкөлөрүндө миграциялык башкарууну жана мигранттарды коргоону жакшыртуу” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу талкууланды.

Министр ошондой эле 2023-жылы ICMPD менен министрликтин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын, бул тыгыз кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи.

Ош шаарында 2024-жылдын 5-мартында ачылган Мигранттар үчүн ресурстук борбордун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду:

"Борбор коопсуз миграция, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана реинтеграцияга көмөктөшүү маселелери боюнча жардам көрсөтөт. 2024-2025-жылдары 51 иш-чара өткөрүлүп, ага дээрлик 20 миң жаран катышкан", - деди Сабиров.

ICMPD министрликтин чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун базасында Бишкекте экинчи Ресурстук борборду ачуу тууралуу демилгесин колдоорун билдирди. Ошондой эле этикалык жалдоону илгерилетүү жана эмгек мигранттарын мыйзамсыз жалдоо жана адамдарды сатуу тобокелдиктеринен коргоо боюнча биргелешкен иш талкууланды.
Министр мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди жана министрлик уюмдун Кыргызстандагы макамына тиешелүү КР Министрлер кабинети менен ICMPD ортосундагы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча жигердүү иштеп жатканын ырастады:

"Биз узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн укуктук негизди камсыз кылуу үчүн бул Макулдашууну министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча ишти улантабыз", — деп жыйынтыктады министр.