Эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү Астанада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн экологиялык саммитинин жыйынтыктары этият оптимизмге шыктандырат деп белгилешет. Учурда аймакта климаттык өзгөрүүлөр аймактык туруктуулукка болгон бир катар коркунучтардын күчөшүнө себеп болгону тууралуу так түшүнүк калыптанды. Эколог жана изилдөөчү Бактыбек Саипбаев "Кабар" агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоо жана глобалдык жылуулуктун кесепеттерин жумшартуу маселелеринде эл аралык колдоонун зарылдыгы тууралуу маселе өз убагында көтөрүлгөнүн белгиледи. Биздин өлкө чындыгында эле өзүнө туура келбеген оор жүктү көтөрүп келет, ал эми жалпы байлыкты сактап калуу – бул жамааттык жоопкерчиликтин маселеси.

— Суу кризиси – бул Борбор Азия жакынкы келечекте туш келе турган көрүнүш. Астанадагы экологиялык саммиттин жыйынтыгына караганда, бул коркунучтарга олуттуу маани берилип жатат. Жогорку саясий деңгээлде биргелешип жана системалуу аракеттенүү чечими кабыл алынды. Кыргызстандын президенти өз сөзүндө биздин өлкө глобалдык жылуулуктун кесепеттеринин пропорционалдуу эмес оор жүгүн тартып жатканын белгиледи. Окурман үчүн бул билдирүүнүн маңызын эксперттик көз караш менен ачып берсеңиз.
— Биринчи кезекте, Кыргызстандагы көптөгөн гидротехникалык курулуштар СССР мезгилинде электр энергиясын өндүрүү үчүн эле эмес, негизинен Казакстан менен Өзбекстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн суу менен камсыз кылуу үчүн курулганынан баштоо керек. Чындыгында, тоолордогу рельефтин аркасында ным топтоо үчүн чоң суу сактагычтарды куруу оңой. Талааларда же кум дөбөлөрдүн арасында мындай кампаларды түзүү мүмкүн эмес. Башкача айтканда, биздин өлкө коңшуларды суу менен камсыз кылуу милдетин мураска алган. Ошол эле учурда бир нече ондогон жылдар бою компенсация катары эч нерсе албаганына карабастан, республика өз милдетин аткарып келди.
Чарба абдан чоң, бул дамбалар, ГЭСтердин жабдыктары, суу сактагычтардын тосмолору, жүздөгөн километрлик каналдар. Мунун баарын кармап туруу, тейлөө, оңдоо жана өркүндөтүү зарыл. Буга жүздөгөн миллион эмес, миллиарддаган долларлар керек. Сиздин оюңузча, бул кичинекей тоолуу өлкө үчүн көтөрө алгыс жүк эмеспи? Ошондуктан мен Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоо жана сууну топтоо үчүн эл аралык колдоо алышы керек деп так айтам.
— Климат өзгөрүп жатат жана бул биздин көз алдыбызда болууда. Температура баарынан тез тоолуу аймактарда көтөрүлүүдө. Мындай кырдаалда мөңгүлөрдүн эришин жайлатуу үчүн эмне кыла алабыз?
— Изилдөөчүлөрдүн эсеби боюнча, өткөн кылымдын ортосунан бери өзгөрүп жаткан климаттын айынан Кыргызстан мөңгүлөрүнүн кеминде 30 пайызынан айрылды. Глобалдык процесстер кайтпас мүнөзгө ээ, биз өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашуубуз керек. Тоолордогу температуранын көтөрүлүшүн жана анын кескин өзгөрүшүн ири суу сактагычтар гана кармап кала алат, аларды тез арада куруу зарыл. Ошондуктан мен Камбар-Ата-1 дамбасын тезирек куруу керектигин айтып жатам, бул өзүбүз үчүн да, коңшулар үчүн да жетиштүү нымдуулукту топтой турган жакшы резервуар болот. Токтогул ГЭСи менен каскадда иштөө энергетика тармагындагыдай эле, сууну пайдалануудагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет. Биз сууну топтой ала турган абалда турганда, бул долбоорлорго инвестицияларды мүмкүн болушунча ыкчам тартуу керек. Коңшулар да муну түшүнүп, активдүүрөк болушу шарт.

Мөңгүлөрдү коргоонун дагы бир жолу – алардын айланасында "токой калканын" түзүү. Бул үчүн Тянь-Шань карагайлары баарынан жакшы болот, бирок башка дарактарды да колдонсо болот. Аларды миллиондоп отургузуу керек, бирок биздин ресурстар чектелүү. Дагы бир жолу айтам, кеп аймак үчүн жалпы байлыкты сактоо жөнүндө болуп жатканда, Кыргызстан муну менен жалгыз алектенбеши зарыл. Суу баарыбыз үчүн – бүтүндөй тиричилик таянган негизги ресурс. Муну баарыбыз биргелешип жасашыбыз шарт.
— Кырдаалга кандайдыр бир деңгээлде таасир этүү үчүн бизде канча убакыт бар?
— Суу кризиси эшигибизди кагып турат. Мөңгүлөрдүн деградациясы жана тоо сууларынын азайышы кайтпас мүнөзгө ээ болушун күтүп отурбаш керек. Ошондуктан бул чөйрөдөгү саясат акылдуу жана тилектеш болушу абзел. Астанадагы экологиялык саммитте жаңырган билдирүүлөргө караганда, мамлекет башчыларынын деңгээлинде биз туш болгон кырдаалдын олуттуулугун жалпы түшүнүү бар окшойт. Биз азыртан аракет кылышыбыз керек, убакыт азайып баратат. Анткени, климат тездик менен өзгөрүп жатат жана ал саясий келишимдердин түзүлүшүн, эл аралык уюмдардын ишке киришин же фонддордун демөөрчүлөрдүн каражаты менен толушун күтүп турбайт.
Азыр жана тез аракеттенүү керек. Бизде канча убакыт калганын эч ким билбейт. Айрым окумуштуулар 20-30 жыл бар дешсе, башка изилдөөчүлөр 5-6 жылдан кийин эле Борбор Азияда суунун тартыштыгы сезилерлик болорун айтышууда. Менимче, азыр сууну үнөмдөө жана сарамжалдуу пайдалануу программасы үчүн өнөктөштөрдү издөөдө бардык мүмкүн болгон дипломатиялык жана эл аралык каналдарды колдонуу зарыл. Мындан тышкары, ШКУнун өнөктөштүгүнүн алкагында бизде биринчи кезекте ишке ашыруу зарыл болгон эң маанилүү долбоорлордун бир бөлүгүн каржылоону тез табууга чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар деп эсептейм.