Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук китепканалары кызматташууну күчөтөт

Коом 25 июль 2025 14:00
p_25_3.jpg
p_25_5.jpg
p_25_4.jpg
p_25_2.jpg
p_25_1.jpg
Алдыга
Артка
p_25_3.jpg
p_25_5.jpg
p_25_4.jpg
p_25_2.jpg
p_25_1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги

Ташкент, 25.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Улуттук китепканасынын жетекчиси Умида Тешабаева менен жолукту, деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы.

Жолугушууда эки өлкөнүн улуттук китепканаларынын ортосундагы кызматташуунун багыттары жана алдыдагы пландар кеңири талкууланды. Айрыкча тажрыйба алмашуу программаларын түзүүгө жана кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн меморандумга кол коюу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, кыргыз жана өзбек элдеринин маданий мурастарын жайылтуу жана таанытуу максатында биргелешкен иш-чараларды — адабий кечелерди, китеп көргөзмөлөрүн жана маданий жолугушууларды өткөрүү сунушталды. Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан аймактардагы китепканалардын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда элчи Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Улуттук китепканасы менен таанышып, анын заманбап окуу залдарын, архивдерин, сейрек кездешүүчү китептер фондун жана санариптештирүү борборун көрүп чыкты.