Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу менен таанышты

Коом Жүктөлүүдө... 02 Август 2026 10:30
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун негизги курулуш объектилерин кыдырып, долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен жеринен таанышышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министрлер туннель, көпүрө жана башка инженердик курулмалардын курулуш иштерин көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө баа беришти. Ошондой эле курулуш иштеринин учурдагы абалы, алдыдагы этаптар жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Тараптар курулуш иштерине тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугуп, пикир алышты.

Белгилей кетсек, учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун кыргыз тилкесинде кеңири масштабдагы курулуш иштери жүрүп жатат.