Ташкент, 14.06.25. /Кабар/. Анжиян шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын суу чарба маселелери боюнча биргелешкен комиссиясынын 6-жыйыны өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Суу чарба министрлиги кабарлады.
Жыйынга Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Нурлан Жумаев жана Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев төрагалык кылды.
Иш-чарага Кыргызстандын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Өзбекстандын тиешелүү ирригациялык башкармалыктарынын жетекчилери жана адистери катышты.
Жолугушууда Фергана өрөөнүндөгү чакан дарыялардан быйылкы жылы суу алуу жана Карадарья дарыясына суу чыгаруу боюнча макулдашуулар каралып, расмий түрдө бекитилди.
Мындан сырткары, "Косонсой" жана "Анжиян" суу сактагычтарын биргелешип пайдалануу маселелери талкууланып, эки тараптуу жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Серепчилердин баамында, бул жолугушуу суу ресурстарын натыйжалуу жана адилеттүү пайдалануу багытындагы өз ара ишенимди арттырып, аймактагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууда.