Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 430 млн доллардан ашты

Экономика Загрузка... 23 Июль 2025 09:21
WhatsApp Image 2025-07-23 at 09.19.58.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 23.07.25 /Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын Өзбекстандын тышкы соодасындагы үлүшү 1,6 пайызды түзүп, эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 430,2 млн долларга жетти.

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алты айында өлкөнүн жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 37 млрд долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга көбөйгөн.

Өзбекстандын башкы соода өнөктөштөрү катары Кытай (17,7%), Россия (16,3%) жана Казакстан (6%) көрсөтүлдү. Кыргызстандын үлүшү — 1,6 пайыз.