Ташкент, 18.07.2025. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук төлөм системаларынын кызматташуусунун негизинде жаңы кызмат көрсөтүү долбоорунун расмий бет ачары өттү.
Долбоордун негизги максаты – Борбор Азия аймагында өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды пайдаланууга негизделген, санариптик инновациялар менен каржылык туруктуулукту камсыздаган бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү.
Эми кыргызстандыктар "Элкарт Мобайл" тиркемеси аркылуу, ал эми өзбекстандыктар — UNIRED платформасы аркылуу бири-бирине акча которо алышат. Которуулар улуттук валюталарда түз жүргүзүлөт, ал эми конвертация курсу кардар үчүн ыңгайлуу шартта аныкталат. Бардык операциялар коопсуз байланыш каналдары аркылуу ишке ашат.
Кийинки этапта Кыргызстанда UZCARD карталарын банкоматтарда жана терминалдарда кабыл алуу, ошондой эле өлкө ичинде аталган карталарды чыгаруу пландалууда.
Бул кызматтын ишке кириши жөнөкөй жарандар үчүн долларга же эл аралык төлөм системаларына болгон муктаждыкты жоготот, бизнес үчүн болсо коңшу өлкө менен эсеп-кысап жүргүзүүнү жеңилдетет жана жаңы санариптик сервистерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоор келечекте Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдү да камтып, регионалдык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.