Ташкент, 27.11.25. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өндүрүш ишканалары индустриалдык кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз тарап 1998-жылдан бери тиричилик жана чарба багытындагы пластикалык буюмдарды өндүрүп келген Mak plast biznes ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда дистрибуциялык тармак түзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана продукцияны кыргыз рыногуна чыгаруу маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле жуугуч каражаттар жана чарбалык химия өндүрүүчү экинчи ири ишкананын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрдү. Genius, Newcoss жана Mr. Grocc бренддерин чыгаруучу завод менен Кыргызстанда өндүрүштү локалдаштыруу, биргелешкен цех ачуу же өндүрүштүн айрым бөлүктөрүн көчүрүү багытында сүйлөшүштү.
Өзбекстандык өндүрүшчүлөр кыргыз рыногун изилдөөгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгилешти. Тараптар жакынкы айларда жаңы долбоорлор боюнча кийинки сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, практикалык кадамдарды макулдашууга ниеттеништи.