Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Экономика 679 16 Декабрь 2025 09:50
A_15_3....jpg
A_15_8.jpg
A_15_7.jpg
A_15_6.jpg
A_15_5.jpg
A_15_4 (1).jpg
A_15_3.jpg
Алдыга
Артка
A_15_3....jpg
A_15_8.jpg
A_15_7.jpg
A_15_6.jpg
A_15_5.jpg
A_15_4 (1).jpg
A_15_3.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Фергана өрөөнүнө иш сапары менен барып, кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сапардын алкагында Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын Анжиян, Фергана жана Наманган облустарындагы аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, региондор аралык товар жүгүртүүнү кеңейтүү, кызматташтыктын жаңы багыттары жана өз ара аракеттенүүнүн келечеги каралды.

Анжиян облусунда кыргыз делегациясы «Dinar Group» ЖЧКсынын текстиль продукциясын өндүрүүчү ишканасы, «Ravon Taraqqiyot Orzusi» ЖЧКсынын бут кийим фабрикасы, «Andijan Mebel Markazi» өнөр жай эмерек зонасы жана «Everest Asbest» ЖЧКсынын курулуш материалдарын чыгаруучу ишканасы менен таанышты.

Фергана облусунда делегация «Tantana Textile» жана «Narimtex» ишканаларынын өндүрүштүк процесстери менен таанышып, толлинг негизиндеги кызматташтыкты кошо алганда, ар кандай форматтагы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Ошондой эле «ROF FOOD» ЖЧКсына баруу болуп, ишкананын жетекчилиги Кыргызстандагы жеткирүүчүлөрдөн алмаларды түздөн-түз сатып алууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Наманган облусунда азык-түлүк жана өнөр жай тармагындагы бир катар ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү изилденип, алардын ичинен «Paper Box Invest» жана «Innovation Trans Oil GD» ишканалары менен түздөн-түз кызматташтык орнотуу маселелери каралды.

Иш сапардын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү B2B-жолугушууларды уюштурууда ар тараптуу көмөк көрсөтүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Фергана өрөөнүндөгү облустардын өкүлдөрү Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.