Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймагындагы соода жанданууда

Борбор Азия Загрузка... 04 Июль 2025 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.07.25. /Кабар/. Акыркы мезгилде Кыргызстан менен Өзбекстанда экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, жергиликтүү өндүрүштү тышкы рынокторго чыгарууну көбөйтүүгө жана чек ара менен бажы инфратүзүмүн заманбап талаптарга ылайык жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Наманган облусунун администрациясынын маалыматына ылайык, ушул максатта көрүлүп жаткан ырааттуу чаралардын натыйжасында быйыл жыл башынан бери "Учкурган–Кеңсай" чек ара бажы бекети аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын 90 пайызы экспорт багытында катталган.

Атап айтканда, 2025-жылдын ушул мезгилине чейин аталган бекет аркылуу "Экспорт" бажы режими менен расмий катталган жүк ташуучу унаалардын саны 2 178ге жеткен. Июнь айында эле 400дөн ашуун экспорт жүктөрү бажыдан өткөрүлгөн.

Экспорттолуп жаткан жүктөрдүн негизги бөлүгүн айыл чарба продукциялары — дарбыз, коон, пияз, өрүк жана алча түзөт. Ошондой эле Түркмөнстандын аймагы аркылуу транзит катары өтүп жаткан помидор жүктөрүнүн тоскоолдуксуз кыймылы камсыздалууда.

"Учкурган" чек ара бекетинде логистика, бажы көзөмөлү жана товар жүгүртүүнү колдоо боюнча түзүлүп жаткан ыңгайлуу шарттар өлкөнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болууда, — деп айтылат билдирүүдө.