Кыргызстан менен Өзбекстандын биринчи айымдары Будапешттеги музыка үйүнө барышты

Коом 22 май 2025 14:04
499454301_615059721548535_4577553263134432146_n.jpg
499529362_615059768215197_5104781039195978074_n.jpg
499956472_615059678215206_1867063505511003230_n.jpg
500101914_615059784881862_3034260422526021333_n.jpg
500199020_615059711548536_8426727097059405303_n.jpg
500228873_615059808215193_8109167169494046344_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы баракчасы

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын Биринчи айымдары Айгүл Жапарова менен Зироат Мирзиёева Будапешттеги Мажар музыкасынын үйүндө болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымынын социалдык тармактагы барактагы баракчасында маалымдалды.

Аларды музыка үйүнө Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи чакырган.

Мажар музыкасы үйү – Будапешт шаарындагы интерактивдүү, көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбор.

Туруктуу көргөзмө конокторду европалык жана мажар музыкасынын түптөлүшүнөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, анын ичинде интерактивдүү жана мультимедиялык элементтер менен тааныштырат.

Көргөзмөнүн уникалдуу элементи болуп Саякбай Каралаевдин аткаруусунда "Манас" эпосунан үзүндү аткарылган бөлүгү саналат (көргөзмөнүн авторлорунун идеясы боюнча кыргыз фольклору мажар фольклордук музыкасынын калыптанышында чоң роль ойногон).

Биринчи айымдын Мажар музыкасы үйүнө барышы президент Садыр Жапаровдун Венгрияда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуусунун алкагында болду.