Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда аймактык кызматташтык кеңейүүдө

Саясат Загрузка... 26 Май 2025 16:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Фергана өрөөнүнө болгон жумушчу сапарынын алкагында Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдураззаков менен жолугушуп, эки кошуна өлкөнүн аймактары ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулады.

Элчиликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ишкердик жана туризм тармактарында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери көңүл чордонунда болду.

Сүйлөшүү учурунда акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин саясий эрки жана достук мамилелеринин аркасында эки өлкө ортосундагы байланыштар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнү белгиленди.

«Бул жылыштар — биздин мамлекеттердин лидерлеринин ырааттуу аракеттеринин натыйжасы болуп, эки элдин жакындоосуна, аймактар аралык байланыштардын жанданышына жана жалпы элдерибиздин бакубат жашоосуна түздөн-түз оң таасирин тийгизүүдө», — деди элчи Дүйшөнкул Чотонов.

"Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар эки өлкөнүн аймактары ортосундагы достук жана өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.