Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын жана Өзбекстандын өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистери чек ара аймактарында зыянкеч чегирткелердин очокторун аныктоо жана аларга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен изилдөө жана мониторинг иштерин жүргүзүштү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, бул иш-чара чек аранын эки тарабындагы адистердин тыгыз кызматташуусун камсыздоо, зыянкечтер тууралуу ыкчам маалымат алмашуу, алардын миграциясын алдын алуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо максатын көздөйт.
Изилдөөгө Кыргызстандын Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын адистери, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарындагы тийиштүү өкүлдөрү катышты.
Учурда Кыргызстандын аймагына чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок деп бааланганы белгилүү болду.