Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара сооданы 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт — Кабар

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара сооданы 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт

Экономика 20 ноябрь 2025 10:50
IMG_9136.jpg
IMG_9151 1.jpg
IMG_9150.jpg
IMG_9141.jpg
IMG_9130 1.jpg
Алдыга
Артка
IMG_9136.jpg
IMG_9151 1.jpg
IMG_9150.jpg
IMG_9141.jpg
IMG_9130 1.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. 

Эки тараптын биргелешип белгиленген стратегиялык максаты – өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга чейин жеткирүү өзгөчө көңүл чордонунда болду. Бул багыт эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан белгиленген. 

Министрлер ошондой эле ишкердик байланыштарды активдештирүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү колдоого багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор каралды.