Ташкент, 09.06.25. /Кабар/. Ош шаарында өткөн "Салам Ош–2025" II эл аралык туристтик көргөзмөсү Кыргызстан менен Өзбекстандын туризм жана кол өнөрчүлүк жаатындагы кызматташуусун чыңдоого багытталды.
Дунё агенттигинин маалыматына ылайык, Фергана облусунун Mingboshi Ceramix жана Silk Vats ишканалары керамика жана жибек буюмдарын сунуштап, катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Ош мамлекеттик университетинде өткөн туристтик форумда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын өкүлдөрү туризмди өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун жетекчилиги менен Өзбекстандын Навоий облусунун хокимиятынын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле керамика өндүрүшүн кайра жандандыруу, Ошто шоу-рум жана гончардык мектеп ачуу маселелери талкууланды. Этникалык өзбек жаштарын Риштанда окууга жөнөтүү демилгеси көтөрүлдү. Бул багыттарды Ош шаарынын мэри Женишбек Токторалиев колдоп, тиешелүү иш-чараларды баштоону тапшырды.
Көргөзмөнүн алкагында делегациялар "Кара-Ай" этнотуристтик комплексине барып, улуттук оюндарга жана маданий программаларга катышышты.
Адистер белгилегендей, туризм Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасында маанилүү тармакка айланып барууда.