Кыргызстан менен Өзбекстан тоо-кен тармагындагы өнөктөштүктү талкуулады

Коом Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 10:35
1.jpg
746477002_1057014913569678_3586535810358906510_n.jpg
747723399_1058355676727062_4069005955596384193_n.jpg
747930197_4538430723105074_69174325775729811_n.jpg
748907840_1045032641797366_188593269965319145_n.jpg
749286642_968733486188413_6869728659056402688_n.jpg
749300961_2029394667681636_4164448128640082225_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов Өзбекстандын тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсупов менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин карашты.

Тараптар өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоого өзгөчө көңүл бурушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.