Ташкент, 15.06.25. /Кабар/. Душанбе шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча кеңешинин 82-жыйынынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын темир жол мекемелеринин жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу "Өзбекстан темир жолдору" компаниясы билдирди.
Жолугушууга "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жана "Өзбекстан темир жолдору" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Зуфар Нарзуллаев катышты.
Тараптар кызматташуунун орчундуу жана стратегиялык мааниге ээ багыттарын талкуулап, өзгөчө көңүлдү өнөктөштүк алакаларды тереңдетүү жана жүк менен жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурушту.
Мындан сырткары, логистикалык маршруттарды натыйжалуу пайдалануу жана аймактык транспорттук коридорлор алкагында өз ара аракеттешүү маселелери да каралды.
Жыйынтыгында тараптар темир жол транспорту тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган келишимдерди камтыган протоколго кол коюшту.