Ташкент, 25.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстан премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөө маселелерин талкуулады.
Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын орчундуу маселелери, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун учурдагы абалына өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү иш жүзүндө тереңдетип, аны конкреттүү жыйынтыктар менен бекемдөөнүн маанисин белгилешти.
Серепчилердин баамында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туруктуу саясий байланыштар жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар эки өлкөнүн мамилелерин сөз жүзүндөгү макулдашуулардан иш жүзүндөгү соода-экономикалык, транспорттук жана гуманитардык кызматташтыкка багыттап, Борбор Азиядагы ишенимди жана туруктуулукту ырааттуу чыңдоого өбөлгө болууда.