Кыргызстан менен Өзбекстан пенсиялык төлөмдөрдүн тартибин макулдашты

Коом Загрузка... 18 Август 2025 10:04
WhatsApp Image 2025-08-18 at 09.28.07.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.08.25. /Кабар/. Кыргызстан Социалдык фондунун төраганын орун басары Гүлмира Жуматаева жана Өзбекстандын Пенсиондук фондунун директору Мурадбек Атажанов жетектеген делегациялар Ташкентте жарандарга пенсия төлөө механизмин алдын ала макулдашты, — деп маалымдады өзбек ведомствосунун басма сөз кызматы.

Жолугушууда социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору каралып, улуттук мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү эске алынды.

Келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына пенсия алуу укугунда тең шарт түзүп, кош төлөмдөрдү жоюуну көздөйт. Пенсия дайындоодо иш стажы кошо эсептелет, төлөмдөр алуучуларга түз жеткирилет жана жашаган жерине көз каранды болбойт.

Документ кызматтык командировкалар боюнча да эрежелерди камтып, ашыкча төлөмдөрдүн алдын алат. Анын ишке ашырылышы эки өлкө кызматташтыгын чыңдап, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорго да жол ачары айтылды.