Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ангрен шаарында жайгашкан "Ташкент" эркин экономикалык зонасына барды.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сапардын алкагында "Ташкент" ЭЭАнын дирекциясынын директору Галибжан Эшмирзаев менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.
Тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өзбек тарап кыргыз делегациясын эркин экономикалык зонанын аймагында чет өлкөлүк инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле салыктык жана бажылык жеңилдиктердин тутуму менен тааныштырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эркин экономикалык зоналарды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана эки өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда туруктуу өз ара кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.