Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара өткөрмө пункттарын 30га чейин көбөйттү

Президент Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 19:20
WhatsApp Image 2026-07-30 at 19.20.33.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара өткөрмө пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасап жатып билдирди.

Анын айтымында тараптар мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге, ошондой эле өткөрүү пункттары жана жарандардын өз ара барып-келүүсү боюнча макулдашууларга карата протоколдорго кол коюшту.

“Биз чек ара маселелерин толугу менен жыйынтыктап, өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттүк. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын өз ара визасыз жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узарттык”, — деди Садыр Жапаров.