Ташкент, 20.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Хилола Умарова менен жолугуп, жаш муунду окутуу тармагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда эки тарап мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системалары ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Өзгөчө эл аралык олимпиадаларга окуучуларды даярдоодогу усулдарды өркүндөтүү, психологиялык колдоо жана зээндүү балдар менен иштөө тажрыйбасы көңүл чордонунда болду.
Ошондой эле биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүү программалары боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды.
Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлор аркылуу билим берүүнүн сапатын жакшыртууну жана жаш муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү макулдашышты.
Маалымат үчүн: Өзбекстанда учурда кыргыз тилинде билим берген 51 орто мектеп иштеп жатат. Аларда 8,5 миңденашык окуучу билим алат.