Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан агроөнөр жай комплексиндеги практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар күрүч өстүрүү, үрөнчүлүк, картошка өстүрүү жана мал чарбачылыгы багыттарындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын карашты. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун биргелешип сыноо, селекциялык жетишкендиктер жана үрөн материалдары менен алмашуу, айыл чарба продукцияларын өз ара жеткирүү, заманбап технологияларды киргизүү, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн илимий мекемелеринин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын практикалык деңгээлде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешип, агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу, тажрыйба алмашууну кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана эки өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашты.