Кыргызстан менен ЮНИДО Өлкөлүк өнөктөштүк программасына кол койду

Экономика Загрузка... 28 Июль 2025 17:04
74f649c5-ea70-450f-b000-0d47425a6411.png
copyright icon WWW

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен ЮНИДО беш жылдык Өлкөлүк өнөктөштүк программасына (ӨӨП) кол койду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул айда маанилүү кадам жасалып, Кыргызстан менен ЮНИДО стратегиялык кызматташтык боюнча макулдашууга жетишти.

Кыргызстандын атынан документке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кол койду.

Бул программа — өнөктөштүктү чыңдоо менен ЮНИДОнун кызматтарын натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзөт жана өлкөнүн туруктуу өнөр жай өнүгүүсүн колдойт.

ӨӨП — Кыргызстандын инклюзивдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу экономикага өтүүсүнө күчтүү түрткү болот.