Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түз же транзиттик аба каттамдарын ачуу маселеси каралды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.
Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин колдоосу менен жарандык авиация тармагында кызматташууну кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз ара демилгелерди илгерилетүү максатында Япониянын авиация тармагынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар уюштурулду.
Атап айтсак, All Nippon Airways компаниясынын аткаруучу вице-президенти Нахил Вафа Дажани жана Japan Airlines компаниясынын маршруттук тармактык маркетинг боюнча улук вице-президенти Росс Леггетт менен жолугушуулар өткөрүлдү. Анда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түз же транзиттик аба каттамдарын ачуунун келечеги, анын ичинде биздин өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурулду.
Айрыкча Кыргызстандын түштүгүндөгү аба мейкиндигине жаңы кирүү пунктун ачууга даярдыктар тууралуу маалымат берилди. Бул логистикалык каттамдарды кеңейтүүгө жана аба каттамдарын бекемдөөгө жагымдуу шарттарды түзөрү айтылды. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жана учактарды эксплуатациялоо маселелери да талкууланды.
Ошондой эле Nippon Travel Agency компаниясынын башкы менеджеринин орун басары Наоки Баба менен жолугушууда Кыргызстанды Япония рыногунда туристтик аймак катары таанытуу, биргелешкен туристтик продукцияларды жана маршруттарды иштеп чыгуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.