Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экология жана климат тармактарындагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жаратылыш ресурстарын сактоого жана экологиялык коопсуздукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл тоо-кен тармагындагы кызматташууга бурулду.
Министр эки өлкөнүн заманбап экологиялык технологияларды жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы потенциалды жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында өз ара кызматташуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, экологиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.