Кыргызстан менен Хорватиянын соода жүгүртүүсү быйыл 32%га өстү

Экономика 14 октябрь 2026 18:00
846563484_1594784962333030_7243752889465932180_n.jpg
848734294_1072691755788885_2879264318643644498_n.jpg
850609247_1871334867509824_3867393620592932981_n.jpg
Алдыга
Артка
846563484_1594784962333030_7243752889465932180_n.jpg
848734294_1072691755788885_2879264318643644498_n.jpg
850609247_1871334867509824_3867393620592932981_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушту.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, тараптар соода, инвестиция жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашууну талкуулашты.

2021–2025-жылдары эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 4,1 эсеге өскөн. Ал эми 2026-жылдын январь–июль айларында соода көлөмү 1,4 млн долларды түзүп, 32,4%га көбөйгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында кош салык салууну болтурбоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун 2027-жылдын апрелинде Бишкекте өткөрүү макулдашылды.