Кыргызстан менен Вьетнамдын кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат Загрузка... 27 Август 2025 12:35
ДЛЯ ИНСТАГРАМА - NEW (3).png
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Вьетнамдын тышкы иштер министринин орун басары Ле Тхи Тху Ханг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.     

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү максатында келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштурууга болгон өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Абакиров келечекте терең жана көп тармактуу кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн эки тараптуу диалогду чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар мындан ары эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.