Кыргызстан менен Венгрия түз аба каттамын ачууга камынууда

Коом 2 июнь 2025 17:45
1705649966 (1).jpg
WhatsApp Image 2025-06-02 at 17.05.11.jpeg
Алдыга
Артка
1705649966 (1).jpg
WhatsApp Image 2025-06-02 at 17.05.11.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Венгрия түз аба каттамын ачууга камынууда.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Венгрия менен түз аба каттамын ачуу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Министрлер кабинети менен Венгриянын өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган.

Мыйзам долбоорун комитетте Жарандык авиация мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов тааныштырды. Анын айтымында, макулдашууну ратификациялоо эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Үзгүлтүксүз каттамдар жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.