Кыргызстан менен Венгрия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Саясат
Кыргызстан менен Венгрия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Венгриянын Экономика жана энергетика министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Габор Матулла менен жолугушту

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, көп тараптуу финансылык жана инвестициялык механизмдерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык билдирилип, Түрк инвестициялык фондунун алкагында кызматташуунун келечеги каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.