Кыргызстан менен Венесуэланын дипкызматкерлери үчүн визасыз режим күчүнө кирди

Саясат 21 май 2025 09:10
Кыргызстан менен Венесуэланын дипкызматкерлери үчүн визасыз режим күчүнө кирди
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 21.05.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Венесуэланын ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндөгү макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү документке 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын жана Венесуэла Боливар Республикасынын – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү жана болуу үчүн визалык талаптардан 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат.