Өзбекстан менен Кытай 1-июндан тартып визасыз режимге өтөт

Борбор Азия Загрузка... 14 Май 2025 09:10
IMG-20250514-WA0003.jpg
copyright icon Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 14-май. /Кабар/. Өзбекстан менен Кытай ортосунда визасыз режим жөнүндө өкмөттөр аралык келишим 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, эки мамлекеттин жарандары ар бир сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөткө визасыз жүрө алышат. Жалпы жүрүү мөөнөтү 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпоого тийиш.

Визасыз режим эмгек ишмердүүлүгүнө, окууга, медиа тармагындагы иштерге жана алдын ала уруксатты талап кылган башка тармактарга жайылтылбайт. Ошондой эле бул келишим Кытайдын атайын административдик райондору — Гонконг жана Макаого барууга тийиштүү эмес.

Эске салсак, аталган келишим 2024-жылдын 1-декабрында Чэнду шаарында Өзбекстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Бахтиёр Саидов жана Ван И тарабынан кол коюлган.