Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары сүйлөштү – талкууланган маселелер

Саясат Загрузка... 07 Июль 2025 19:26
FB_IMG_1751894770608.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашты.

Атап айтканда, 2025-жылдын 5-8-августунда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтө турган Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (LLDC) үчүнчү конференциясына, анын ичинде Кыргызстандын делегациясынын пландалып жаткан катышуусуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Тараптар бул эл аралык иш-чараны ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын LLDC тобунун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүү, аймактык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн маанисин белгилешти.

Сүйлөшүүнүн соңунда министрлер кыргыз-түркмөн кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө болгон умтулууларын, ошондой эле бул багыттагы өз ара аракеттенүүлөрдү эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында улантуу ниеттерин тастыкташты.