Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жана өнүктүрүү талкууланды

Саясат Жүктөлүүдө... 17 Июнь 2025 08:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. 12-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркия президентинин башкы кеңешчиси Чагры Эрхандын жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоо жана өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.

Анда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды ишке ашыруу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.