Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Биздин жалпы максатыбыз – жакынкы жылдарда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат. Бул тууралуу "Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана өлкөгө расмий сапар менен келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасап жатып билдирди.
Анын айтымында, бул милдетти ишке ашыруу үчүн эки тарап бардык күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.
"Бүгүн биз Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз мырзанынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-жыйынын ийгиликтүү өткөрдүк.
Иш-чарабыз салттуу достук, урмат-сый жана өз ара түшүнүшүү духунда өткөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет.
Бүгүнкү жолугушууда биз эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, экономикалык кызматташтык күн тартибиндеги маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмаштык.
Экономикалык кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Түркия көп жылдан бери Кыргызстандын тышкы соода жана инвестиция тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп келет. Биз түрк инвесторлоруна ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана алардын ишмердүүлүгү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз.
Комиссиянын ишинин алкагында ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери ар кандай тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин караган бизнес-форум да өтүүдө. Анын жыйынтыктары жакын арада практикалык турмушта ишке ашарына ишенем", - деди Касымалиев.
Мындан тышкары соода, инвестиция, энергетика, өнөр жай, инновациялар жана башка маанилүү тармактарды камтыган кеңири маселелер талкууланып, өзгөчө көңүл бурулган маселе – мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы болду.
"Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташтыктын жаңы тармактары аныкталып, аларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча так кадамдар макулдашылды.
Адам ресурстары жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык дагы өз маанисин сактап турат. Бул багыттар биздин элдерибиздин ортосундагы бекем байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого негиз түзөт деп ишенем.
Ушул багытта Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ишмердүүлүгүн өзгөчө канааттануу менен белгилеп кетем. Ал биздин өлкөлөрдүн өнөктөштүгүнүн айкын символу болуп саналат" - дейт ал.