Кыргызстан менен Түркиянын аймактар аралык кызматтыштыгы талкууланды

Аймак 7 август 2025 16:32
528235964_1860800158120573_4946249967194038828_n.jpg
529486315_1860798194787436_2385845376564169551_n.jpg
528490875_1860798778120711_6175520654424514485_n.jpg
Алдыга
Артка
528235964_1860800158120573_4946249967194038828_n.jpg
529486315_1860798194787436_2385845376564169551_n.jpg
528490875_1860798778120711_6175520654424514485_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Жалал-Абад облусу менен Түркия шаарларынын ортосундагы боордоштук жана аймактар аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Учурда Жалал-Абад шаары Түркиянын Измир, Тургутлу, Тарсус жана Хатай шаарлары менен боордоштук мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүп келүүдө.

Жолугушууда экономикалык кызматташуу маселелерине токтолуп, 2024-жылы Түркия менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы соода жүгүртүү 22,4 млн доллар түзгөнү, анын ичинен 15,8 млн доллар экспорт, ал эми 6,5 млн доллар импорт болгондугу маалымдалды.

Ошондой эле тоо-кен, кайра иштетүү, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталып, облустун артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө көңүл Чаткал районундагы "Эти Бакыр-Терек Сай" ишканасына бурулду. Бул ишкана тарабынан курулган алтын ылгоочу фабрика 2024-жылдын 30-августунда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылып, жылына 100 миң тонна алтын рудасын иштетүүгө жөндөмдүү. Жалпы инвестициянын көлөмү 230 млн сомду түзүп, 150 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Нурлан Эрматов Жалал-Абад облусу мындан ары да Түркия мамлекети менен кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирип, бул жолугушуу элдердин ортосундагы салттуу достуктун, өз ара ишенимдин жана өнөктөштүктүн жаңы багытын ачаарын кошумчаланды.