Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия миграциялык тартипти жеңилдетүүнү сүйлөшүп жатат. Бул маалымат Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында чет өлкөлөрдөгү мекеме жетекчилери менен өткөргөн онлайн-жыйынында белгилүү болду.
Учурда Түркиянын аймагында 35 миңден 45 миңге чейин кыргыз жараны жашайт.
Түркиядагы элчиликтин өкүлүнүн маалыматына ылайык, акыркы алты айда эле Анталья багыты боюнча кирип-чыгуудагы жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 84 миң адамды түзгөн. Ал эми 21 миң 758 кыргызстандык Түркияда расмий түрдө убактылуу жашоого жана иштөөгө уруксат алган.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч жыл сайын өсүүдө. Ошол эле учурда мыйзамсыз миграция негизги көйгөйлөрдүн бири катары калууда. Учурда аны алдын алуу жана тартипке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Жыйындын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаевдин Түркияга болгон акыркы иш сапарында эки маанилүү маселе көтөрүлгөнү белгиленди. Алардын биринчиси — кыргызстандыктар үчүн жашоого уруксат алуу төлөмдөрүн азайтуу маселеси. Бул Түркия жарандары Кыргызстанда төлөгөн тарифтерге окшош негизде каралууда.
Экинчи маселе — миграциялык эрежелерди жөнөкөйлөтүү жана эки өлкөнүн жарандарынын ID-карталар аркылуу өз ара каттоосун киргизүү мүмкүнчүлүгү.
Жолугушуулардын жыйынтыгында ТИМ башчысы бул сунуштарды Түркия тарап менен биргеликте иштеп чыгып, аларды тез арада ишке ашыруу боюнча тапшырма берди.